10
Июнь
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук тизмесинин 20 жылдыгына арналган иш-чарага катышты
Брюссель, Бельгия Королдугу, 2026-жылдын 10-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Европа Биримдигинин Авиациялык коопсуздук тизмесинин (EU Aviation Safety List) 20 жылдыгына арналган Европа комиссиясынын иш-чарасына сыйлуу конок катары катышып, сөз сүйлөдү.
Иш-чарага Туруктуу транспорт жана туризм боюнча Европа комиссары А.Цицикостас, Европа Комиссиясынын жетекчилиги, Авиациялык коопсуздук боюнча Европа агенттиги (EASA), Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO), өнөктөш өлкөлөрдүн авиациялык администрацияларынын жана эл аралык өнөр жай уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасы жарандык авиация тармагын реформалоодо олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, бул реформалар улуттук жөнгө салуу системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтиргендигин, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп, учуу коопсуздугунун жакшыртылганын белгиледи.
Ал ошондой эле Европа Комиссиясына, Авиациялык коопсуздук боюнча Европа агенттигине жана Эл аралык жарандык авиация уюмуна көп жылдык конструктивдүү кызматташтыгы жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы Кыргызстанды Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмесинен чыгаруу боюнча жакында кабыл алынган чечимди европалык өнөктөштөрү менен кызматташуунун жаңы этабы катары баалап, заманбап жана туруктуу транспорттук байланыштарды өнүктүрүү өлкөнүн реалдуу экономикалык өсүшүнүн ачкычы экенин белгиледи.
Сапардын алкагында Данияр Амангелдиев ошондой эле Туруктуу транспорт жана туризм боюнча Европа комиссары Апостола Цицикостас менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү, анда жарандык авиация, транспорттук байланыш жана туруктуу транспорт чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.
Кыргыз тарап Европа Биримдиги менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинде Кыргызстан менен Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы аба байланыштарын өнүктүрүүгө жана Авиациялык коопсуздук боюнча Европа агенттиги менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырастады.
Еврокомиссар Кыргыз Республикасы авиация тармагын реформалоодо олуттуу прогресске жетишкенин белгилеп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жогорку деңгээлин жана өлкө жетекчилигинин бул өзгөртүүлөрдү эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырууга бекем саясий туруктуу умтулуусун белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө умтуларын ырасташты.