17
Июнь
2026
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына иш сапар менен барат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 17-19-июнунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жумуш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча Эл аралык конференцияга катышат.