07

Июль

2026

Президенттин Администрациясында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Бишкек, Ынтымак Ордо, 7-июль – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында мааракелик иш-чаралардын концепциясы сунушталды. Пландалган иш-чараларга этно-маданий программа, айыл чарба жана өнөр жай тармактарын көрсөткөн көргөзмөлөр, салттуу спорттук мелдештер, концерттер, жарманкелер жана башка иш-чаралар кирет.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга иш-чараларды сапаттуу даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.