18

Июль

2026

Бакыт Төрөбаев «Төмөнкү-Чүй» көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышты

2026-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы Камышановка айылынын жанында жайгашкан «Төмөнкү-Чүй» көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышып, көчмө кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын, подряддык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты.

Көчмө кеңешменин жүрүшүндө курулуш иштеринин учурдагы абалы, долбоорду ишке ашыруунун бекитилген планынын аткарылышы, объектти инженердик инфраструктура жана зарыл болгон коммуникациялар менен камсыздоо маселелери, ошондой эле мамлекеттик органдар менен подряддык уюмдардын өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелери каралды.

Бакыт Төрөбаев заманбап көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү мамлекеттик чек аранын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, жарандар жана жүк ташуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгында жооптуу мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга курулуш-монтаж иштерин өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылуу, объектти инженердик коммуникацияларга өз убагында кошуу жана уюштуруучулук маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.