06
Август
Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, 2026-жылдын 6-августу — Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтөт.