07

Август

2026

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, 2026-жылдын 7-августу – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары катышуу үчүн  Кыргыз Республикасына келди.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.