13

Январь

2020

Ак-Талаа районунда аз камсыз үй-бүлөгө Президенттин жардамы менен үй курулуп берилди

Бүгүн, 13-январда Ак-Талаа районунун Баетов айылында "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата аз камсыз үй-бүлөгө курулган турак үй пайдаланууга берилди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын август айындагы Ак-Талаа жергесине болгон иш сапарында айыл тургуну, жалгыз бой эне Самсалиева Сүйөркан апа жашап жаткан турак үйүнүн авариялык абалда экендигин билдирип, кайрылган.

Натыйжада Өлкө башчысынын демилгеси жана жеке ишкерлер тарабынан сентябрь айында 90 чарчы метр үйдүн курулуш иши башталып, жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө курулуш толугу менен аяктады.

Турак үйдүн ачылыш аземине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаев, курулуш ишин жүргүзгөн "АДЕКС Интернейшнл" ишканасынын өкүлдөрү жана Ак-Талаа районунун коомчулугу катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов Сүйөркан апанын ак өргөөсү акжолтой болуусун тилек кылып, мындай камкордук үчүн эл-журттун атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана демөөрчүлүк кылган жеке ишкерлерге терең ыраазычылык билдирди. Үй ээсине ак өргөөнүн ачкычын тапшырып, ашканага керектүү тиричилик буюмдарын белек кылды.

Курулуш ишканасынын өкүлдөрүнүн айтымында, төрт бөлмөлүү турак үй жер титирөөгө жана Нарындын катаал шартына ылайыкталып салынган. Жаз алды менен жылуулук системасы жана таза суу киргизилип берилмекчи.

Ак өргөөлүү болгонуна жетине албаган Сүйөркан апа бир ооз өтүнүчүн аткарып, социалдык муктаждыгын чечип берген Кыргыз Республикасынын Президентине, аны ишке ашырган жеке ишкерлерге жана жалпы эл-журтка энелик ак батасын берди.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Электрондук регион

Календарь