26

Апрель

2020

Ат-Башыда коронавирустан сакайган 16 адам ооруканадан чыкты

Бүгүн, Нарын облусунда дагы бир жакшы жаңылык болду. Ат-Башы районундагы коронавирустан айыккан 16 бейтап үйүнө чыгарылды. Алар дагы 14 күнгө чейин үйүнөн чыкпай, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Бүгүнкү күнгө чейин облуста COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 85 адам. Бүгүн, 26-апрелде жаңы 2 учур катталды. Райондор боюнча алсак, 64 адам Ат-Башы, 10 адам Жумгал, 3 адам Кочкор райондорунан, 8 адам Нарын шаарынан катталган.

85 адамдын 33ү сакайып, ооруканадан чыкты. Тактап айтканда, Ат-Башыдан 18, Жумгалдан 9, Кочкордон 1, Нарын шаарынан 5 бейтап айыкты.

Калган бейтаптар ооруканада. Абалдары канааттандыраарлык.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.


Электрондук регион

Календарь