03

Декабрь

2019

Бакай-Ата районунда кант заводу ачылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод ачылды. Анын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл эли катышты.  

Дастанбек Жумабековдун айтымында, Кыргызстандын аймактарында ачылган бардык ишканаларды колдоого алуу керек. Анткени чакан ишкерлик экономиканын өсүшүнө салым кошуп, жумуш орундарын түзүүдө. 

Ишкананын жетекчиси Жанат Сакеев заводду сатып алууга жалпысынан 29 млн сом жумшалганын билдирди.

Электрондук регион

Календарь