20

Март

2020

Баткен беткап муктаждыгын жергиликтүү тигүү цехтери менен бирге жеңилдетүүдө

Бүгүн   Баткен шаарынын мэриясы шаар тургундарына 500 даана бет кап таркатты

Баткен шаардык мэриясынын кызматкерлери 80 жаштан жогору улгайган жарандарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бет каптарды үйлөрүнө жеткирип таратууда. 

Ошондой эле коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүүгө жергиликтүү бюджеттик резервден 100 миң сом бөлүп берүү жөнүндө Баткен шаардык мэриясы токтом кабыл алды.

Мындан сырткары шаардык мэрия шаардагы кичи тигүү цехтери менен келишим түзүп, беткап муктаждыгын жергиликтүү ишкерлер менен бирге чечүү аракетин көрүүдө. 

Мындай иш аракет облустун башка район шаарларында да колго алынууда.

Электрондук регион

Календарь