28

Июнь

2020

Баткен. Кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн чаралар күчөтүлдү

Баткен облусунда жаңы 13 учур катталды.

Бүгүн 28-июнда,  Баткен облусунда бул ооруну жуктурган эң көп учур катталды.Натыйжада жалпы жуктурган учурлардын саны 64кө жетти.

Бүгүн катталган 13 учурдун 11 Кызыл-Кыя шаарынан, 2 Баткен шаарынан.

Аыркы учурда оорунун белгилерин байкалган соң, ооруканага өздөрү кайрылган жарандардын саны өсүүдө.

Оорулуулар жана алар менен байланышта болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Учурда облуста санитардык карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. 

Кырдаалды ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов жеке көзөмөлүнө алган. Ыйгарым укуктуу өкүл кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү боюнча тийиштүү жетекчилерге дагы бир катар тапшырмаларды берди.   

Ыйгарым укуктуу өкүл, кырдаалдын мындан ары курчуп кетпөөсү жарандардын тартибинен көз каранды. Ар бир жарандын жоопкерчилиги өзгөчө маанилүү экендигин билдирет. Мындан улам эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырды. 

Бүгүнкү күнгө облуста изоляцияда 17, обсервацияда 138 жаран бар. 

Ушул тапта өлкөдө жана облус аймагында кырдаал кооптуу экендигин эске алып, жарандар зарыл болбосо көчөгө чыкпоо,беткап тагынуу, өздүк гигиенаны жана санитардык нормаларды сактоону эскертебиз.  

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Электрондук регион

Календарь