01

Август

2020

Баткен облусунда 100дөн ашуун бодо мал курмандыкка чалынып, кайрымдуулук иштери уланууда

Баткен облусунун аймагында ыйык Курман айт майрамынын урматына курмандык чалуу жөрөлгөсүн уюштуруу иштерин бул ирет да “Адеп башаты” диний уюму колго алып, курмандыкка чалынган мал эттери, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө таратылууда.
Жалпысынан облуста Адеп башаты коомдук фонду менен биргеликте курмандыкка чалынган бодо малдын саны 100дөн ашты. Мындан сырткары эл арасында өз алдынча курмандык кылган жарандар жүздөп саналды. 
Бул күндөрү аталган уюм тарабынан облустук оорукана жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенген 120 медицина кызматкерине, Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 103 үй бүлөгө, Баткен шаарында жашаган 90 жана Баткен районунун ар бир айыл өкмөтүндөгү 40 үй бүлөгө эт таратылды. Мындай иш аракеттер облустун ар бир район шаарында дагы да уланууда. 
Белгилей кетсек кечээ Курман айт майрамынын урматына курмандык чалуу иш чарасына ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов, облустун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, "Адеп Башаты" диний уюмунун Баткендеги окулу Аббас Назаров, ж.б. жетекчилер, аксакалдар катышып, буга чейин жана кооптуу илдеттен көзү өтүп кеткен жарандарыбыздын рухтарына багыштап куран окуп, жергебизге тынчтык, элибизге амандык тилеп баштап беришкен. 
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь