15

Май

2020

Баткен облусунда 1600 үй бүлөгө азык түлүк таратылууда

Өкмөттүн Баткен облусундагыы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, өзгөчө кырдаал учурунда, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жардам берүү жана   уюштуруу иштерин улантууда. 

Бул ирет Эл аралык, гуманитардык уюм тарабынан жалпы 1600 үй бүлөгө азык түлүк жардамы берилип жатат.

Бүгүнкү күнгө Баткен облусунун аймагында оор шартта   жашаган жалпы 30133  жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 1381,5тонна ун, 57879 литр өсүмдүк майы, 44218кг макарон, 8 млн 270 миң сомдук ар түрдүү азык түлүк баштыктары таратылды.  

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь