30

Июнь

2020

Баткен облусунда дагы бир санитардык карантиндик пост коюлду

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана аткезчиликке бөгөт коюу максатында Лейлек районунун кире беришине санитардык карантиндик пост коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү. 

Учурда облуста 2 негизги санитардык карантиндик пост, чек аралаш аймактарда 5 көзөмөл посттор иштеп жатат. Ал эми кошуна мамлекеттер менен чек арада жайгашкан авто жол көзөмөлдөп өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. 

Баткен облусунда бүгүн коронавирус оорусу боюнча жаңы 9 учур катталып, жалпы оорулуулардын саны 77ге жетти.

 9 учурдун 2 Баткен ш,1 Баткен району,4 Кызыл-Кыя ш,  2 Кадамжай районунан. Орулуулар сырттан келгендер,жүк ташуучу унаанын айдоочулары,кайдан жуктурганын билбегендер жана оорулуулар менен байланышта болгондор.  

Жарандар үчүн Колл –центрдин 118 кызматы жана мобилдиүү топтор иштеп жатат. Облустун ооруканаларынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө 119 орун даярдалган. 

Күн сайын базарларда, дүкөндөрдө, калкты тейлөө ж б мекемелерде рейддер жүргүзүлүп, 1364 обьект текшерилип, санитардык нормаларды сактабаган  129 ишканага айып пул салынды. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь