17

Май

2020

Баткен облусунда санитардык талаптарды сактабаган 28 ишканага айып пул салынды

Баткен облусунда 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынууда.

Натыйжада облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 11-майдан бери ишканаларга  202  санитардык талаптарды сактоо боюнча эскертме кат берилген. 

Ага карабай талаптарды аткарбаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28 ишканага айып пул салынган. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь