21

Март

2020

Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Бүгүн 21-мартта Баткен облусунда коронавирус оорусун жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну, 12-мартта Сауд Арабиядан учуп келген. Мындан улам бүгүн Баткен районунун акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Акимдин буйругуна ылайык аталган айыл аймакка блокпосттор коюлуп баштады. 

Электрондук регион

Календарь