24

Июль

2020

Баткен шаарында пневманияны аныктоочу эки санариптик рентген аппараты иштеп жатат

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык жабдуулардын абалын көрүп чыкты. 

Өкүл, учурда көп катталып жаткан пневмания оорусун аныктоо иштери менен таанышты.

Учурда облустук ооруканада жана облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда, заман талабына ылайык, санариптик флюрографиялык (рентген)  жабдуулар орнотулган. 

Жабдуулар республикалык  бюджеттин эсебинен 5 млн 800миң сомдон, сатылып алынган. 

Бирөөсү толук кандуу иштеп жатат. Экинчисин орнотуу жумуштары аяктады,жакынкы күндөрү ишке кирет. 

Ошондой эле облустук ооруканага кечээ күнү КР Өкмөтү тарабынан жаңы тез жардам унаасы берилди. Автоунаанын ичинде медициналык ыкчам кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 

Белгилей кетсек учурда облуста жасалма дем алдыруучу  44 аппарат иштеп турат. Ал эми 316 кычкылтек жеткирүүчү аппараты бар. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь