28

Май

2020

Чек ара чырында өрттөлгөн турак үй курулуп жатат

8-майда кыргыз-тажик чек арасында орун алган чыр чатактын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. 

Бүгүнкү күндө курулушка мамлекет тарабынан жетиштүү акча каражаты ажыратылып берилген. 

Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов турак үйсүз калган үй бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү боюнча Баткен районунун жетекчилигине тапшырма  берген. 

Ал эми турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, чыгымдын орду толтурулат. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь