13

Январь

2020

Чек арадагы чыр чатактардан пайдаланган топтор бар

Чек арага чектеш аймакта катталган акыркы чыр чатактын чыгуусуна, кээ бир коомдук уюмдар, топтор тарабынан жүргүзүлүп жаткан чагымчыл аракеттер таасир этүүдө. Мындай аракеттер, чек арада пайда болгон айрым турмуш тиричиликке байланышкан майда барат маселелерди, укук коргоо органдарынын чечүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып, маселенин мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүүсүнө алып келүүдө. 

Мындай окуяларды ырбатуу менен өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну каалаган топтордун бул аракеттерин жөнгө салуу боюнча, күч түзүмдөрү тарабынан иш аракеттер жүрүүдө. 

Ал эми 9-10-январда чек арада катталган чыр чаттакка байланыштуу айылдагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектепке жайгашкан жарандар үйлөрүнө кайтып, мектепте окуу процесси башталды. 

Учурда айылдагы бардык мамлекетик мекемелер, үзгүлтүксүз иш алып барууда. 

Аймактагы элдин коопсуздугу күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө.

Жергиликтүү эл арасында чагымчыл аракеттерге алдырбоо боюнча иш аракеттер жүрүүдө. 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен аймакта өзгөчө кырдаалдар режими алынды. 

Баткен облусунун Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактарда абал тынч.



 

Электрондук регион

Календарь