18

Май

2020

Чоң-Алай районунда балдарды 100 %га бала бакча менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар.

img

Алай районунда жаңы окуу жылына карата дагы 4 бала  бакча ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев ЭлТР  МТРК сы аркылуу түз эфирде билдирди. Өткөн жылы Алайда эгемендүүлүк майрамына карата бир күндө 6 объект ачылган.

 Өкмөт өкүлү"Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" алкагында   Чоң-Алай районунда бала бакча менен камсыздоону 💯 пайызга жеткирүү тапшырмасын койгон. Анткени, өткөн жылы бир катар бакчалар ачылып камсыздоо 75%га жеткен. Учурда 2 бала бакчанын курулушу толук аяктаган, карантиндик кырдаалга байланыштуу ачыла элек.


http://kg.kabar.kg/news/byiyl-alai-raionunda-4-zha-y-bala-bakcha-achylary-k-t-l-d-km-tt-n-osh-oblusundagy-k-l/

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы

Электрондук регион

Календарь