10

Март

2015

“Министр байланышта” акциясынын экинчи баскычынын графиги

“Ачык Өкмөт” программасынын алкагында “Министр байланышта” акциясынын экинчи баскычы башталды. Акция үстүбүздөгү жылдын 5-мартынан 23-апрелге дейре уланат. Бүгүн, 10-мартта, КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Министр байланышта” акциясына катышты. Бул Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен кийинки акциянын экинчи катышуучусу болуп эсептелет. Графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын ар-бир министрлиги бир күн ичинде журналисттер жана кабарчылар менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Мындай иш-чаралар жумасына эки ирет өткөрүлөт. Аталган акциянын негизги максаты – калктын министрлик жана ведомстволор иши тууралуу маалыматын кеңейтүү, ошондой эле жарандык сектордун ар-бир министрдин коомчулук алдындагы милдеттенмесин талкуулоого катышуу деңгээлин жогорулатуу.

Акцияны өткөрүү графиги:

Ведомство

Жетекчи

Күнү

1.

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги

Айдаралиев Таалайбек Алимбекович

5-март

2.

Билим берүү жана илим министрлиги

Сариева Эльвира Кубанычбековна

10-март

3.

Ички иштер министрлиги

Турганбаев Мелис Токтомамбетович

12-март

4.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Султанов Калыкбек Иманалиевич

17-март

5.

Финансы министрлиги

Лаврова Ольга Владимировна

19-март

6.

Энергетика жана өнөр-жай министрлиги

Турдубаев Кубанычбек Апышевич

25-март

7.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич

26-март

8.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги

Азыранкулов Айбек Жаныбекович

31-март

9.

Саламаттык сактоо министрлиги

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич

2-апрель

10.

Экономика министрлиги

Сариев Темир Аргембаевич

8-апрель

11.

Тышкы иштер министрлиги

Абдылдаев Эрлан Бекешович

9-апрель

12.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Боронов Кубатбек Айылчиевич

14-апрель

13.

Коргоо министрлиги

Кудайбердиев Абибилла Алымович

16-апрель

14.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Максутов Алтынбек Аскарович

21-апрель

15.

Юстиция министрлиги

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна

23-апрель