10

Февраль

2020

Ишти туура уюштуруунун натыйжасы

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Марат Мураталиевдин ишти туура  уюштура билүүсү өз натыйжасын берди. 

Таластагы  Казакстан менен чектешкен   “Чоң-Капка”  чек-ара постунан  облустун аймагына ташылып кирген товарлардан  кошумча нарк салыгы  2017-жылы болгону 11,0 миллион сом болсо,  2018-жылы  41 миллион сом чогултулуп  башкача айтканда 30,1  миллион сом  ашыгы менен  чогултулган.  Ал эми өткөн 2019-жылы  салыктын бул түрүнөн  133,9 миллион  сом  казынага келип түшкөн.  

Жогорудагыдай алгылуктуу жетишкендиктер   контрабандалык  жол менен  товар  ташыгандарга   бөгөт коюуунун жана  облустук  жетекчиликтин   дыкат  көзөмөлүнүнөн  улам жаралган. 

Электрондук регион

Календарь