04

Октябрь

2014

Кыргыз Республикасында соода ишмердүүлүгүн ашыкча мамлекеттик жөнгө салуу алынып салынды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө” 30-сентябрдагы № 560-Токтомуна кол койду.

Токтом аркылуу төмөнкүлөр бекитилген:

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода эрежелери

2. Баалуу металлдар жана баалуу таштардан жасалган буюмдар менен соода кылуу эрежелери

3. Калктан баалуу металлдарды, таштарды жана алардан жасалган буюмдарды саатып алуу пункттарынын иштөө эрежеси

4. . Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода ишмердүүлүгүндөгү атаандаштыкты өнүктүрүү жана аны коргоо жөнүндө жобо

Аталган токтом аркылуу соода ишмердүүлүгүндөгү ашыкча мамлекеттик жөнгө салуу алынып салынды, эскирген командалык-административдик механизмдер КР мыйзамдарына карама-каршы келбеген, рынок талабына дал келген заманбап нормаларга алмаштырылган. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бир катар чаралар каралган.

Ошондой эле ишкердүүлүк субьектилеринин теңчилигин камсыздаган нормалар киргизилген. Тактап айтканда, жеткирип берүү келишиминин шартынан соода тармактарынын ташуучуларга карата негизсиз талаптары алынып ташталган. Сыйлоо өлчөмү аталган келишимдин тараптары аркылуу макулдашуусуна дал келип жана алынган азык-түлүк товарларынын баасынан 10% ашпашы кажет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекте көрсөтүлгөн социалдык маанидеги азык-түлүк товарлары үчүн көрсөтүлгөн сыйлыкты төлөп берүүгө жол берилбейт. Жеткирип берүүчүнүн кызыкдар болбогон тейлөөгө карата төлөө милдети алынып салынган.

Соода тармактарына товар рыногуна жеткиликтүүлүккө дискриминациялык шарт түзүүгө жана жеткирүү келишимине пайдасыз шарттарды таңуулоого тыюу салынат. Натыйжада, сатып алуучулар үчүн бааларга чагылуучу жыйынтык баага таасир этүүчү негизсиз кошумчалар алынып салынат.

Республикада соода ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн бирдиктүү укуктук негиздерин түзүү өндүрүүчү, жеткирчү жана сатуучулардын атаандаштыгын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Токтом аркылуу соода түйүндөрүндөгү ижара төлөмүн Анитмонополдук жөнгө салуу мамагенттиги менен макулдашуу нормасы алынып салынган.

Аталган чаралар соода ишмердүүлүгүндөгү ашыкча мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу коррупциялык механизмдерди кыскартууга, же жоюуга мүмкүндүк берет.

Токтом КР Экономика министрлигинин 2012-жылдын 19-октябрындагы № 270-буйругу менен түзүлгөн, курамында мамлекеттик түзүм, керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча бизнес-ассоциация өкүлдөрү турган иштиктүү топ тарабынан иштелип чыккан.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү