07

Март

2015

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин “ Министр байланышта” акциясына катышуу жыйынтыгы

Бүгүн, 6-мартта, өткөрүлүп жаткан “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “ Министр байланышта” акциясына катышты. Жарыяланган акция алкагында Ош шаарынын мэри ЖМК өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Алгач мэр «Биринчи радионун» «Күндүн темасы» берүүсүнүн түз обосуна катышып, бир саат бою радио угуучулардан түшкөн 18 суроого жооп берүүгө үлгүрдү. Радиоугуучуларды күз-кыш мезгилинен өтүү маселеси көбүрөөк кызыктырды. Мэрдин айтымында, Ош шаарында жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшүндө 52 көп кабаттуу үй ЖЭБге кошулуп, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 3451 даана электр плитасы жана 1775 газ баллону сатылып берилген, ошондой эле 29 бала-бакчага суюк газ менен камсыздоо тутуму орнотулган. “Шаардыктарды жылытуу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 9 заманбап жылытуучу от казаны, кубаттуулугу 16 МВт келген 2 трансформатор, кубаттуулугу 400-1000 кВт 75 трансформатор, ошондой эле 650 темир бетон мамысы орнотулган», — деп маалымдады Ош шаарынын мэри. Ошондой эле радио угармандын Ош шаарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча суроосуна жооп берүүдө, ал аталган маселе 2016-жылга карата чечилээрин билдирди, бул максатта шаар мэриясы Азия өнүктүрүү банкы жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 6000м.куб суу резервуарын реконструкциялоо боюнча тыгыз иш алып барып жаткандыгын билдирди. Учурда 23 млн $ суммасындагы 2 резервуарды куруу боюнча иштер жүрүүдө. Эфирдин жүрүшүндө Ош мэри белгилегендей, 2014-жылы шаар экономикасына келген тышкы жана ички инвестициялар 4,7 млрд сомду түзүп, 6 жаңы өндүрүш ишканасы ишке киргизилип, натыйжада, 913 иш орду пайда болгон.   «Биринчи радиодогу» түз эфирден соң, Айтмамат Кадырбаев «Кабар» маалымат агенттигинде кеңири басма сөз жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө жылдык отчетту тартуулаган 20 мүнөттүк видео-ролик көрсөтүлдү. Ошондой эле мэр А.Кадырбаев ар-кыл ЖМК өкүлдөрүнөн түшкөн 12 суроого жооп берди. Басма сөз жыйынынан соң ыйгарым укуктуу өкүл «Вечерний Бишкек» гезитинин «Кабар ордо» сайтынын коногу болду. Мэр А.Кадырбаев саат 21.15те «ЭлТР» каналынын түз эфирине катышты. Анын жүрүшүндө А.Кадырбаев жарандардын 15 суроосуна жооп берген, алар негизинен Ош шаарынын тазалыгы, таза ичүүчү суу менен камсыздоо, көпүрө курулушу, жолдордогу абал жана башка маселелерге байланыштуу берилген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү