02

Декабрь

2019

Кара-Кулжа районунда «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында жергиликтүү демөөрчүлөрдүн эсебинен 189,7 млн сомдук иштер аткарылды

2018-жылдын 21-декабрь күнү Ош облусунун аксакалдар кеңешинин жыйыны өтүп, анда тажрыйбалуу ардагерлер, президентибиздин "Аймактарды өнүктүрүү" боюнча жарлыгын колдоо керектигин белгилеп, ыксыз чыгымдарды азайтып, анын ордуна элдик демилгени элетти көтөрүүгө багыттоо сунушу айтылган. Ош облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев райондун акимдерине айылда ишкана ачкан жеке ишкерлерге бардык шарттарды түзүп берүү тапшырмасын койгон. 

2019- жылдын 1- декабарына карата бардыгы болуп 564,4 млн сомдук иштер аткарылды, башкача айтканда:

- республикалык бюджеттен 90,5 млн. сомдук иштер аткарылды; 

- эл аралык донордук уюмдардан 135,4 млн. сомдук иштер аткарылды; 

- демөөрчүлөрдөн 189,7 млн. сомдук иштер аткарылды; -жергиликтүү бюджеттен 20,4 млн. сомдук иштер аткарылды; 

1. Биймырза айылында жеке ишкер Абдыкадыров Болот тарабынан 100 кыз келинге тигүү цехи бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кара-Кулжа айынын Сай участкасында А.Алиев тарабынан 10 млн. сомго таш кесүүчү цех курулуп, 6 адам жумуш орду менен камсыз болду. Ушул эле Сай участкасында Д.Максутов, Т.Жабыкеевдер тарабынан 2 мал соючу жай ачылып, ишке берилип, 6 адам жумуш орду менен камсыз болду. 

2. Район боюнча турмуш шарты оор, үйү жок үй- бүлөөлөргө 10 үй курулуп берилди. (Биймырза айылында 5, Кара –Кулжа айылында 1, Кара –Кочкор айылын 1, Сары –Булак айылында 1, Кенеш айылында 2). 

3. Ири ишкерлер тарабынан Чалма айыл өкмөтүндө эки спорт зал бүткөрүлүп, мунципальдык менчикке өткөрүлүп берилди (Атамбаев Жусуп- 12,0 млн сомдук, Сатыбалдыев Курстан 12,0 млн сомдук). 

4. Райондун борьборунда Атамбаев Жусуп тарабынан 240 орундуу эки кабат бала бакча курулуп жатат. Жаңы –Талап айылында 90 орунду бала бакчанын курулушу башталды. 

5. Көңдүк айылында К.Токтосартовдун үй – бүлөөсүнүн атынан 3,0 млн сомдук китепкананын курулушушу бүткөрүлүүнүн алдында турат. 

6. Ишкерлер тарабынан райондо айылдарга 3 көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди (Кан –Коргон, Көңдүк, Кызыл –Булак айылдарында). 

7. Район боюнча жамааттардын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 5 мини футбол аянчалары курулду( анын ичинен 2 спорт аянтча жабык типте).

8. Район боюнча ишкерлер тарабынан 3 км, (Чалма 1,5 км, Биймырза айылында 1,0 км, Кенеш айылында 0,5 км) жол асфальт төшөлдү

9. Ишкерлер тарабынан 21,0 чакырым аралыктагы айылдардын көчөлөрү жарыктандырылды. 

10. Жеке ишкерлер тарабынан Сары –Камыш, Тоготой, Жийде айылдарына таза суу чыгарылып берилди. 

11. Демөөрчүлөлдүн жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин эсебинен 6,5 млн сомго райондук ички иштер бөлүмүнө 2 кабаттуу 6 бөлмөлүү жататкана, 6 кызматкерге иш бөлмө, 3 бөлмөлүү ашканасы менен, жалпысынан 15 бөлмөлү кошумча имарат салынып пайдаланууга берилди.

 12. Капчыгай айылдык аймагынын Сары-Бээ айылында балды упаковкалоочу цехтин курулушуна 3784,5 мин сомдук каражат жумшалып пайдаланууга берилди.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн

басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь