15

Май

2020

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын отурумунда Ош облус башчысы Узарбек Жылкыбаев бир катар жетекчилердин ишин сындады.

Бүгүн 15-майда "COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош облус башчысы Узарбек Жылкыбаев, анын аппараты, облустук ИИБ нын, бажы, чек ара, жол, экономика секторунун, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышышты.  Жыйында саламаттыкты сактоо, ИИБ нын маалыматы угулуп, Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы милиция кызматкерлерине, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине  ыраазычылык билдирип, ушуга чейинки мээнет текке кетпеси үчүн дагы да белди бекем бууп күжүрмөн  иштөөгө чакырды.

Билим берүү жаатында  бардык мектептерде көчүрүү жана бүтүрүү экзамендери  4- чейректин жыйынтыгы менен болоору, 6000 ден ашык бүтүрүүчү ЖРТ үчүн арыз таштаган, алар үчүн санитардык талаптарды сактоо менен ар бир райондорго жайлар ырасталууда.  ЖРТ июнь айында тапшырылат.
Өкмөттүн Өкүлү  Узарбек Жылкыбаев :" Бул илдет жалпыбызга сыноо, кыйынчылыктар менен коштолду. Кудайга шүгүр, эпидемиялык кырдаал көзөмөлдө. Эми ушул абалдан пайдаланып, көмүскө салыктарды төлөбөй иштеп жаткан, ресторан, курулуш ишканаларын, такси кызматкерлерин тактап чыгыңыздар. Ал биздин мамлекеттин казынасын толуктасын" деп тапшырма койду. 
Мындан сырткары, жол траспорт башкармалыгына сырттан келген айдоочулардын маалыматтарын, анкеталарды тыкыр иликтеп жүргүзүп, облустагы даректерин көзөмөлдөөнү ИИБ на жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелерине өткөрүп берүүнү чабал жүргүзүп жатканы үчүн сындады жана эскертүү берилди. 
Облус башчысы облустук ӨКБ жетекчисине обсервациядагыларга бөлүнгөн каржыны республика боюнча бирдей бөлүштүрүүнү белгиледи. Анткени, райондордо обсервациядагылар шарты менен тамагына нааразы болгон учурлар айтылган эле.

Өкмөттүн Ош облусундагы 

ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

маалымат кызматы 

 

Электрондук регион

Календарь