04
Октябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Курман айт майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди мусулмандардын ыйык майрамы - Курман айт менен куттуктап кетүүгө уруксаат этиңиздер.
Биздин ата-бабаларыбыз байыртадан Курман айтты майрамдап келишкен.
Бул күнү жалпы мусулмандар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскеришет. Үйгө баш баккан ар-бир адам өзү менен кошо жакшылык алып келип, анын ээсине бата тилеп кетет.
Курман айтты майрамдоодо Жараткан кыргыз элине биримдик, тынчтык жана ынтымак алып келсин, ар-бир үй-бүлөдө бакубаттуулук ырыс-ынтымак орносун.
Курман айт убакытты үй-бүлө менен чогуу өткөрүүгө, дос-туугандык мамилени жаңыртууга жана дүйнөдөн өткөн жакындарыбызды эскерүүгө мүмкүндүк берет. Буга катар бул майрамда муктаж адамдарга, жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга жардам берүү жагына да басым жасалаарын эстен чыгарбоо кажет.
Урматтуу мусулмандар! Кымбаттуу мекендештер!
Курман айт майрамыңыздар кут болсун, жалпыңыздардын үй-бүлөңүздөрдө бакыт жана ынтымак болуп, ал эми республикабызда туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү орун алсын.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү