17

Январь

2020

Кыргызстан Россия кызматташтык жылы Баткенден башталды

2020-жыл Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылынын урматына, Баткен шаарында  Россия газетасынын аллеясы ачылды. Аллеяга ийне жалбырактуу бактарды отургузуу иш чарасына КР  Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен шаарынын  мэри Мамыржан Рахимов, Россия газетасынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков жана аталган басылманын ага кабарчысы Любовь Борисенко жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл бул аллея Кыргызстан менен Россиянын, анын ичинде Баткен областы жана Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн массалык мааламат каражаттарынын өкүлдөрүнүн достугун, кызматташтыгын бекемдеген аллея болсун, деген каалоо тилектерин айтып, Россия биздин туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшүбүз, биз бирге алдыда көп жашы жумуштарды аткарууга кызыктарбыз деди.  

Бул күнү Россия Федерациясынын өкүлдөрү КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен жолугуп, 2020-жылга кызматташууну талкуулашты. Жолугушууда балдарын орус тилдүү мектепте билим алуусун каалаган ата энелердин суроо талабына  жараша, орус тилдүү мектептерди ар тараптуу колдоо, нормадан эки, үч эсе көп балдар билим алып жаткан мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоо, зарылчылыкка жараша кошумча имараттарды куруу, Россия жалпыга маалымдоо каражаттары менен Баткен облусунун  ММК өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу сыяктуу ар тараптуу кызматташуу макулдашылды.

Андан соң Россия ММК өкүлдөрү Баткен шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Ашир Рахматов жана Садык Бурканов аксакалдар менен да жолугушту. Ошондой эле шаардагы  Жоомарт Бөкөнбаев жана облустук гимназия мектебинде Россия-Кыргызстан достугу тууралуу ачык сабак өтүшүп, орус тилиндеги китептерди тапшырышты. 

Электрондук регион

Календарь