22

Март

2020

Кызыл-Кыяда беткап тигилүүдө

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү  тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигууну баштады 

Шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында шаардагы Динамо тигүү цехи менен түзүлгөн келишимге ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат ажыратылып, 6000беткап даярдалат. Ал беткаптар саламаттыкты сактоо мекемелерине жана санитардык карантиндик көзөмөлдөө постторунда турган кызматкерлерге берилет.

Андан сырткары даярдалган беткаптар жергиликтүү дарыканаларда арзан баада сатылат. Мындай иш аракеттер облустун башка район шаарларында да аткарылууда.

Электрондук регион

Календарь