13

Январь

2020

Нарын облусунун айыл аймактарында элдик жыйындар өткөрүлүп, жыл жыйынтыктары чыгарылды

Учурда Нарын облусунун аймактарында элдик жыйындар өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы чыгарылууда. 

 Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жерге-Тал айыл аймактарында өткөрүлгөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаев жана облустук, райондук мекеме жетекчилери, айыл аймактарынын тургундары катышты.

Айыл өкмөт башчылары Адил Курманалиев жана Гүлмайрам Үчүгөнова тарабынан жыл ичинде аткарылган иштер жана жаңы жылга белгиленген пландар тууралуу маалыматтар берилди.

Жыйындарга катышкан облус жетекчиси аталган айылдарда "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын" алкагында көп жакшы иштер жасалганын баса белгилеп, мамлекет тарабынан аткарылган иштерге жана алдыдагы приоритеттүү багыттарга токтолду. Ошондой эле Таза суу программасына облус боюнча 42 айыл камтылса, Ак-Талаа районунан Жерге-Тал, Баетов, Үгүт айылдары киргендигин, республикадагы ирригация системасын калыбына келтирүү программасына облустан 9 долбоор кирсе, анын экөө Ак-Талаадагы Ала-Буга жана Жаман-Дабан насостук станциялары экендигин белгиледи.

Мындан сырткары Капиталдык салымдар беренесинен салынып жаткан курулуштар, жайыт маселеси, малдын асылдуулугун арттыруу, логистикалык борбордун жана ГЭСтин курулушу тууралуу да маалымат берип, айыл элин жакшы жашоого, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө чакырды.

Облус жетекчиси социалдык обьектилердеги көйгөйлүү маселелерге жана алгылыктуу иштерге жеринде күбө болду.

Ошондой эле Чолок Кайың айылындагы машыгуучу жайдын ачылыш аземине катышты.

Ушундай эле элдик жыйындар Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунда да өткөрүлдү. 

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.


Электрондук регион

Календарь