30

Декабрь

2019

Нарын облусунун өнүктүрүү фондунан социалдык муктаждыктар чечилүүдө

Нарын облусунун «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондундагы 1 миллион 44 миң сом акча каражатын натыйжалуу пайдалануу максатында чакан долбоорлорго сынак жарыяланып, анын жыйынтыгы менен 5 долбоор тандалып алынган. 

Алар: Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы “Жаш Тилек” бала бакчасын керектүү эмеректер менен камсыздоо, Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Ө. Токтосунов атындагы орто мектебине техникалык каражаттарды алып берүү, Нарын районунун Миң-Булак айылындагы “Сырымбет  Ата” бала бакчасына балдар аянтчасын куруу, Жумгал районунун Чаек айылындагы Ногойбаев атындагы орто мектебине компьютердик класс ачуу, Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоорлору болчу.  

Жаңы жылдын алдында аталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык каржыланды. 

Бүгүн, 30-декабрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов  Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Ө. Токтосунов атындагы орто мектебине 150 миң сомдук техникалык каражаттарды тапшырды. Тактап айтканда аталган мектепке облустун өнүктүрүү фондунан 1 ноутбук, музыкалык аппаратура жана проектор алынып берилди. 

Ошондой эле Нарын районунун Миң-Булак айылындагы “Сырымбет  Ата” бала бакчасына балдар аянтчасын куруу үчүн 42 миң 600 сомдун сертификатын тапшырды. 

Ар бир райондо жана айыл аймактарында өнүктүрүү фонддорун уюштуруп, чогулган каражат менен элдин көйгөйлөрүн чечүүнү колго алуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги иш багыттарынын бири. Бул иштер жаңырган жыл ичинде кеңири колго алынмакчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Электрондук регион

Календарь