05

Декабрь

2019

Нарын шаарын “Акылдуу шаар” кылуу долбоору инвесторлор тарабынан колдоого алынат

5-декабрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Борбордук Азия университетинин өкүлдөрүн жана смарт шаарларды уюштуруу боюнча дүйнөлүк эксперттерден турган расмий топту кабыл алып, Нарын шаарын  “Акылдуу шаар” кылуу, башкача айтканда, пилоттук санариптик шаар кылуу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.  

Эске салсак, бул маселе буга чейин Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы” аталышындагы эл аралык конференцияда талкууланып, Борбордук Азия университетинин өкүлдөрү пилоттук долбоор катары Нарын шаарын санариптештирүүнү колдоого алаарын билдиришкен. 

Бүл күнкү жолугушууда ушул ишти алдыга жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Эксперттер тарабынан дүйнөлүк смарт шаарларда ишке ашкан долбоорлор презентацияланды. Ошондой эле алар Нарын шаарын санариптештирүү багытындагы долбоорлорго кызыгышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгы менен жакынкы күндөрдө жумушчу топ түзүлүп, максаттуу кадамдар башталмакчы. 

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.   

Электрондук регион

Календарь