17

Февраль

2020

Нарындын бренди боло турган продукциялар кароодон өттү

17-февралда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө JICA эл аралык уюмунун “Бир айыл, бир продукт” долбоорунун алкагында Нарын облусунун аймагында өндүрүлүп чыккан продукцияларды баалоо жана тандоо комитетинин отуруму өткөрүлүп, бренд-таймашка катышкан 7 продукция комиссиянын кароосунан өттү.

Алар: Ат-Башы районунун Бирлик айылында өндүрүлгөн “Эспарцет балы”, Ак-Муз айылында жасалган “Өрмөк”, Казыбек айылында өндүрүлгөн “Чычырканак конфети”, Кочкор айылында жасалган “Шырдак”, Нарын районунун Учкун айылында өндүрүлгөн “Таш-Рабат” печеньеси, Миң-Булак айылында иштелип чыккан “Кийизден тапочка” жана Нарын шаарында өндүрүлгөн “Бал курут” продукциялары болду. Таймашка катышкан продукциялардын баарында экологиялык жактан таза, нукура каражаттар колдонулган. Айрыкча жаңы технология менен өндүрүлгөн азык-түлүктөр комиссиянын кызыгуусун жаратты. Алсак, “Таш-Рабат” печеньеси туристтерге ылайыкталып курут, ун, май кошулуп жасалып, өзгөчө даамга ээ болсо, “Чычырканак конфети” чычырканактан уютулган өзгөчө даамы бар мармелад. Ал эми “Бал курут” бал, курут, кургатылган жемиштер кошулуп жасалган жаңы продукция.

Комитеттин отурумунда 7 продукция тең талаптагыдай упайларга ээ болуп, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык бренд-таймашка сунушталды. Аталган продукциялар стандарттык талаптарга ылайык иштелип чыккандан кийин Нарын облусунун аймагында сатыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми республикалык таймаштан өткөндөн кийин өлкөнүн ички жана сырткы рыногуна экспорттолот.

Долбоордун колдоосу менен Нарында “Хан Теңри” мейманкана комплексинде, “Кыргыз Уз” дүкөнүндө, “Номад” кафесинде, облустук музейде жана Кочкордо “Газпром” дүкөнүндө Нарындын бренди болгон продукцияларды сатып өткөрүү үчүн атайын такталар орнотулган.

Белгилей кетсек, JICA эл аралык уюмунун “Бир айыл, бир продукт” долбоору 2018-жылдын март айында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде иштей баштаган. Бул боюнча иш алып барган комитеттин курамы 19 тиешелүү кызмат адамдарынан турат. Алар өндүрүлгөн продукцияларды баалап, сунуштарын беришет.

JICA эл аралык уюмунун “Бир айыл, бир продукт” долбоору ишкерлерге акыл инвестициясын жумшайт. Башкача айтканда, кыргыз элинин нукура продукцияларын жаңыча иштеп чыгууга кеңештерин берип, окутуулардан өткөрүп, өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого колдоо көрсөтөт.

Өткөн жылы долбоордун колдоосу менен “Ат-Башы балы”, “Дары чөптөр”, “Йогурт”, “Саори токулган буюмдары”, “Кочкор тузу” аталышындагы продукциялар колдоо таап, сатыкка чыгарылган.

Мындан сырткары долбоордун алкагында Нарын мамлекеттик университетинде тамак-аш боюнча окутуу цехи ачылат. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун, JICA эл аралык уюмунун “Бир айыл, бир продукт” долбоорунун координатору Харагучи Акихиса мырзанын жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Таштанбек Сияевдин катышуусунда тамак-аш боюнча окуу цехин уюштуруу максатындагы үч тараптуу Меморандумга кол коюлду. Жакынкы күндөрдө иш башталганы турат.

“Бир айыл, бир продукт” долбоорунун Нарын облусундагы регионалдык координатору Бейшенбек Турсунбаевдин айтымында, долбоор дагы эки жылга улантылмакчы. Негизги максат - чакан өндүрүш ишканаларын ачып, Нарын облусунун экономикасына салым кошуу болуп саналат. “Жылына жок дегенде 5-6 продукция өндүрүп, 1-2ден цех ачып турсак деген ниетибиз бар. Долбоор бүткөндөн кийин дагы өндүрүш иштерин улантып кетүү зарыл”, -дейт Б. Турсунбаев. Нарындын бренди боло турган нукура азык-түлүктөрдү үй шартында өндүрүүнү каалаган же өндүрүп жаткан ишкерлер (0700)201283, (0556)016609, (0773)453345 телефон номерлери аркылуу байланышып, кеп-кеңеш алышса болот.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Электрондук регион

Календарь