19

Май

2020

Некролог. Журналист Улукбүү Амирова дүйнө салды

Элибиздин чыгаан кызы, мыкты журналист, ийгиликтүү ишкер, күчтүү жетекчи, демилгелүү, кайрымдуу, мекенчил инсан, “Салам” радиосунун директору Амирова Улукбүү Аскаралиевнанын мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, үй бүлөсүнө, жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. 

Улукбүү Амирова ааламдан өттү деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. 

Баткендин булбулу учту, жылдызы өчтү. 

Улукбүү Амирова, көпчүлүктү жакшы жашоого, жашоону сүйүүгө үндөгөн улуу касиети бар эле.

Мекен үчүн күйүп жанган, өлкөнүн өнүгүүсү, элибиздин жакшы жашоосу үчүн өтө ынтызар жан эле.

Өзгөчө Баткен аймагын ар тараптуу өнүктүрүүгө зор салымын кошуп кетти. 

Анын маалымат айдыңында эмгеги эбегейсиз. 

20 жылдан ашуун “Салам” радиосунда эмгектенип, аймактын маалымат коопсуздугун сактоого, аймакта жалпыга маалымдоо каражатынын өнүгүүсүндө эмгеги зор. 

Ал өзү сыяктуу бир топ  жаш журналисттерди тарбиялап, катарга кошту. 

Улукбүү Амировадан элибиздин үмүтү зор эле. Анын асыл тилек, ой максаттары көп эле. 

Жалпы элибиз сыздап, жүрөгүбүз ооруп турат. 

Урматтуу Улукбүү Аскаралиевна жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов,

Өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов,

Өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова,

Өкүлдүн аппараты.

Электрондук регион

Календарь