25

Апрель

2020

Облус жетекчиси "Ак-Тал Чат" постундагы абалды көрдү

Бүгүн, 25-апрелде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ак-Талаа районундагы "Ак-Тал Чат" постундагы абалды көрдү.

Посттогу кызматкерлер менен пикир алышып, кем карчын сурады. Ошондой эле алардын тамак-ашына деп өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 10 миң сом берди.

Аталган пост облустун аймагындагы республикалык маанидеги 3 посттун бири. Бул жердеги кыймылды көзөмөлдөө максатында видео камера коюлган. Кирген-чыккан жарандар каттоого алынып, дене табы текшерилет. Эгер жарандардын дене табы жогору болуп, ооруга кооптуулугу байкалса экспресс-тест менен анализ алынат.

Облус жетекчиси посттордо нөөмөттө турган кызматкерлердин эмгеги зор экенин баса белгилеп, элге сабырдуулук менен кызмат кылып берүүлөрүн өтүндү.

Бүгүнкү күндө район боюнча 13 санитардык-карантиндик пост иш алып барууда.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Электрондук регион

Календарь