05

Декабрь

2019

Облус жетекчиси тагдыр сыноосуна кабылган балдардын абалын сурады

Бүгүн, 5-декабрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөрдө болуп, абалын сурады.  

Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, тубаса шал оорусу менен ооруган  балдардын кем-карчын сураган облус жетекчиси көмүр отунунан жардам берилээрин айтты. Ошондой эле алардын ата-энесинин көйгөйлөрүн угуп, жумуш менен камсыз кылуу, турак-жай курууга жер чечип берүү сыяктуу социалдык маселелерде көмөк көрсөтөөрүн билдирди. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Нарын облусунда 11 685 ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Алардын ичинен 5280 жаран Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат. 

Эл аралык майыптар күнүнө карата Нарын облусунда “Биз биргебиз” аталышында бир айлык жарыяланып, анын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптан колдоолор көрсөтүлүүдө.

Облустун резервдик фондунан 50 миң сом акча каражаты которулуп, тубаса шал оорусу менен ооруган 12 балага 2 миң сомдон, ошондой эле 13 майыптар коомдук бирикмесине 2 миң сомдон материалдык жардам берилди. 

Мындан сырткары 250 тонна көмүр отуну тартылып, муктаж адамдарга таратылып берилмекчи.  

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы. 



Электрондук регион

Календарь