15

Март

2020

Өкүл Өзбекстан менен чектеш чек ара бекеттериндеги абалдан кабар алды

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов  15-мартта кечке маал, Баткен облусунун Өзбекстан менен чек арада жайгашкан КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Кызыл-Кыя автожол көзөмөлдөп өткөрүү пункту, Кадамжай,Жошук,Кайтпас чек ара көзөмөлдөп өткөрүү пункттарынан кабар алды.

Өкүл аталган жайларда коопсуздук, санитардык, фитосанитардык, медициналык жана ички чарбалык кемчиликтерге жол бербөө, кошуна Өзбекстандан чыккан жарандарды тепловизор менен текшерүүнү туура,өз эрежеси менен жүргүзүү, нөөмөткө дайындалган дарыгерлерге шарт түзүү, тез жардам унаасы менен камсыздоо, оорулууну кармоочу убактылуу изолятордук бөлмөнүн абалын ар дайым көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл чек арадан өткөн түрдүү жүктөрдү көзөмөлдөгөн фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл мекемелеринин, бажы кызматынын адистерин мыйзам чегинде иш алып баруу менен, убагында туура, так маалымат берип турууну тапшырды. 

Кызыл-Кыя өткөрмө пункту аркылуу күн сайын Кыргызстанга 3000дей жаран кирип чыгат. Ал эми Кадамжай өткормо пункту аркылуу 4500,Жошук чек ара постунан 50,60,Кайтпас чек ара постунан 450дой жаран Баткен облусунун аймагына кирип,чыгышат.Мындан улам ыйгарым укуктуу окул коронавирус оорусунан сактанууда чек ара откормо бекеттеринин иши озгочо маанилүү.

Ошондуктан элдин саламаттыгы үчүн өткөрмө бекеттер сапаттуу жана жоопкерчиликтүү иш алып барышы керек. Муктаждыктарды жашырбай,ачык айтып,жетиштүү шарт түзүүнүн үстүндө иштешибиз зарыл.Ооруну жашырсаң,өлүм ашкере деген сөз бар. Ошондуктан айрым кемчиликтерди жоюнун үстүндө ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүнү талап кылам деди. 

Белгилей кетсек 15-мартта Өзбекстанда коронавирус жуктурган биринчи учур катталганы маалымдалды.

Электрондук регион

Календарь