18

Март

2020

Өкүлчүлүк: Баткен облусундагы ири базарлар бүгүндөн тарта жабылат

Коронавирус оорусуна байланыштуу Баткен шаарындагы борбордук базар, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылындагы Самаркандек базары, Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Кара-Бак базары, Кадамжай районундагы Халмион базарлары сыяктуу облустун аймагындагы район, шаарлардагы  ири базарлар жабылат. 

Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов бүгүн 18-мартта калктын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн жер жерлердеги ири азык түлүк, кийим кече жана мал базарларын, унаа базарларын жабуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмаларды берди. 

Эскерте кетсек күнүмдүк соода түйүндөрү, кичи базарлар иштей берет.  

Электрондук регион

Календарь