21

Июль

2020

Өкүлдүн аппараты, бир күндүк маянасын пандемия менен күрөшүүгө бөлөт

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, пандемия менен күрөшүүдө облустун саламаттыкты сактоо мекемелеринин муктаждыгын жеңилдетүүгө салым кошуу максатында, жарандык коом тарабынан, Баткен шаарында уюштурулган “Боорукердик штабына” кызматкерлер бир күндүк маянасын которуу чечимин кабыл алды.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүк, райондук мамлекеттик администрация, шаардык мэрия, мекеме ишканаларга, облустун тургуну катары, район шаарларда, жарандык коом тарабынан уюштурулган штабдарга колдоо көрсөтүүнү сунуштайт. 

Белгилей кетсек өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери, буга чейин да пандемия менен күрөшүү боюнча республикалык штабга бир күндүк маянасын которушкан. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь