28

Май

2020

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 28-май чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу чек арачылар! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек ара кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Учурдан пайдаланып, ак ниет, чын дили менен берилип кызмат өтөп жаткан мекенчил эр азаматтарыбызга, терең  ыраазычылык билдирем. 

Чек араны кайтаруу эң жооптуу милдет болуп саналат. 

Чек арачы болуу чыныгы эрдикти талап кылган, сыймыктуу жана ардактуу кесип.

Сиздердин  күжүрмөн аракетиңиздер менен, эки өлкө  менен чектешкен Баткен аймагынын чек арасы  ишенимдүү корголуп турат. 

Бул күндөрү чек ара окуяларында мекенди коргоодо баатырларча курман болгон чек арачыларыбызга таазим этебиз. 

Ал эми ден соолугунан ар кандай жараат алган жоокерлерибизге сак саламаттык каалап, аларды ар тараптуу колдоого даяр экенибизди билдиребиз.

Урматуу чек арачы жоокерлер!

Сиздер, стратегиялык өзгөчө аймак катары саналган шарты катаал жана чек арада  жайгашкан аймакта кызмат өтөп жатасыздар.

Жоокерлерибиздин аскердик милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеймин. 

Мындан ары да мекенибиздин бир бөлүгү болгон Өрүкзарлуу аймагыбыздагы элибиздин тынчтыгын жана жерибиздин коопсуздугун  бекем коргойсуздар деп терең ишенемин.

Эгемендүү өлкөбүздө тынчтык  болсун.

Кыргызстаныбыз өнүгүп өссүн.  

Электрондук регион

Календарь