21

Апрель

2020

Өкмөттөн Нарын шаарына жардам

Учурда Өкмөт тарабынан калктын аялуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо аракети көрүлүүдө.

Нарын шаарынын аз камсыз үй-бүлөлөрү үчүн Өкмөттөн 1 миллион сом бөлүнүп, бул каражатка 1250 үй-бүлөгө жеткидей ун сатылып алынган. Ундар шаардагы убактылуу иштебеген, көп балалуу, аз камсыз үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана мэриянын алдында атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен таратылууда.

Электрондук регион

Календарь