14

Февраль

2020

Ооганчы ардагерлерге сый көрсөтүлдү

 

Бүгүн,  14-февралда  Талас шаарындагы  Ооган согушунда курман болгондорго  арналган  эстеликтин  алдында  Советтик   аскерлердин Ооганстандан  чыгарылгандыгынын 31-жылдыгына арналган  салтанаттуу иш чара болуп өттү.

Иш чара  согушта курман болгон  эскерүү  мүнөтү менен башталды.  Андан соң  майрам ээлерин  Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү    Марат  Мураталиев куттуктады.

Облус жетекчиси  өз сөзүндө : “Жоокер-Ооганчылардын эрдиги, каармандыгы, жана тайманбастыгы  Мекендин азыркы муундагы коргоочуларына элге берилип кызмат кылуунун, өз милдетине жана аскердик антка бекемдигинин үлгүсү катары кызмат кылат”- деп белгилеп өттү.

Андан соң  бир нече Ооган согушунун  катышуучулары  Өкмөттүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, №2029 аскердик бөлүгүнүн  жана Талас шаардык мэриясынын  Ардак грамоталары,  ыраазычылык  каттары  жана  акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Иш  чаранын соңунда    Ооган согушунун ардагерлерине  облустун маданият тармагынын  өкүлдөрүнүн  атайын концерттик  программасы тартууланды.

Электрондук регион

Календарь