01

Май

2020

Ош облусунда 2131 медицина кызматкерлерине ар түрдүү жардамдар берилди

img

2020-жылдын 30-мартында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын коронавирус илдетин жугузуп алган 37 мед кызматкердин  үй бүлөөсүнө 40 кап ун, 180 л май, азык-түлүктөрдүн баштыгын жеткиртип берген. Акимдерге да медицина кызматкерлерин колдоо тапшырмасын койгон. Бул иш чара ошондон бери улантылууда .

Өзгөн районунда  КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жардам катары берилген ундан райондогу саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине 180 кап  ун таркатылды. Жардамдар Өзгөн аймактык ооруканасынын, “Өзгөн” үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун,  Куршаб жана Мырза-Аке жалпы тажрыйбалык дарыгерлер борборлорунун, Өзгөн райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерине берилди.

Араван районунда жалпы 641  медицина кызматкерлерине 773 мин сомдук азык тулук турундо жана акчалай жардам корсотулду. Анын ичинен Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын резервдик фондунан аймактык оорукананын 17 медициналыкк кызматкерине 34 миң сом берилди. ЮКСМ цемент заводу тарабынан  медкызматкерлерге 50 кап ун жана милиция кызматкерлерине 100 кап ун жардам берилди.

Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн районунда обсервациядагыларды карап жаткан дарыгерлердин үй бүлөөсүнө жергиликтүү бийлик , эл өкүлдөрү, жеке тараптардын колдоосу менен азык- түлүк жеткирилип берилген.

Жалпысы облустагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 12 т.360 кг. хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 л. антисептик, 4586 даана коргоо костюм   380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат, 2 даана залалсыздандыруучу өткөрмө (туннель)берилди. 

Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден   медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир ИВЛ аппараты, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир ИВЛ аппараты берилди.


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы

Электрондук регион

Календарь