28

Декабрь

2020

Ош облусунда ачыла турган 10 ишкананын дообоору презентацияланды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов 2021-жылга пландалган 10 көлөмдүү өндүрүштүк ишкананын  демонстративдик долбоорун сунуштады .

Презентацияга 14  ЖМК нын, 4 ишкерлер ассоциациясынын жетекчилер жана өкүлдөрү, бирикмелердин жетекчилери, экономика министрлигинин адистери, эркин экономикалык серепчилер катышышты. 

Ишкерлер жаңыча көз караш менен болгон мындай долбоорлор менен таанышып кубанып турганын билдирип, өз ара талкуулап, кенен маалымат берүү үчүн кайрадан дагы ички жана тышкы инвесторлор менен жыйын өткөрүү сунушташты. 

Сунушталган долбоорлор тууралуу:

1. Композиттик курулуш заводу;

2. Электромобиль такси кызматы ( Кара- Суу  шаарында)

3. сопролит өндүрүү;

4. Бал өндүрүү жана экспортто 

5. ТЭЦ терден чыккан калдыктарды кайра иштетүү;

6. Панель курулуш материалын өндүрүү жана жеңил конструкция менен турак- жай куруу;

7. Минералдык суу чыгаруу, экспорт

8. Сублимациялык кургатуучу ишкана жана, сапатуу азыктар;

9. Балык чарбачылыгы;

10. Тери кайра иштетүү жана экспорттоо;

Буга чейин облус башчысы Жарасул Абдураимов ушул презентацияланган ишканаларды ачуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү карап, 7 райондун аймагындагы өндүрүш ишканалары менен таанышып чыккан.



Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы