08

Июнь

2020

Ош облусунун аймагында Франция республикасы цемент заводдорун ачууга кызыкдар.

img

2019-жылы КЫРГЫЗСТАНГА ФРАНЦИЯДАН  10 МИҢДЕН  АШУУН ТУРИСТ КЕЛГЕН. АНЫН 5 миңдейи Ош облусунун аймагына келгендер.

Бүгүн 8-июнда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Франция Республикасынын  Кыргыз Республикасындагы атайын, ыйгарым укуктуу элчиси Микаэля Ру мырзаны кабыл алды. 

Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы кырдаал, алакалар тууралуу маалымат берип, ОБСЕ жана дүйнөлүк өнүктүрүү банкы аркылуу бир катар кызматташкан долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, демейде франциялык туристтердин көңүлүн бурган тоо туризми, Ленин чокусу Ошто жайгашкандыгын белгиледи. Туристтерге котормочу, гид даярдоо үчүн Ош МУ атайын чет тилдери факультети бар экендигин анда бир катар адистер даярдалып жатканын кошо  айтты. 

Элчи мырза жашыл туризм, маданий туризм боюнча Кыргызстан Европа, анын ичинде Франция туристтеринин көңүлүн бураарын, ага далил катары 2013-жылы биздин өлкөгө 2730 турист келсе, 2019-жылы 9300 турист келгендигин жүйө келтирди. 

 Франция Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, 1992- жылдан бери алакада. Элчилик 2010-жылы ачылган. Европа мамлекеттеринен атайын элчилигин ачкан  Германиядан кийинки 2- өлкө.

2017-жылы Франция президенти Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбековду атайын визит менен чакырган.  Иш сапар 2020-жылдын март айларына болжолдонгон , пандемияга байланыштуу жылдырылды. Визит жыл аягына пландалууда. 

Өкмөт өкүлү жеңил өнөр жай тармагында алака кеңейтүү да максатка ылайыктуу экендигин белгилеп, спорт кийимдеринин бренд дүкөндүр тармагын ачуу боюнча иштер башталып, азыр кырдаалга байланыштуу токтоп тургандыгын айтты.

Түштүк- түндүк альтернативалуу жолу, туристтердин агымын дагы жогорулатарына ишеним арткан элчи Микаэль мырза  табышмактуу кооз деп аталган Абшыр -Ата аймагын көрүүгө өзү да кызыктар экендигин  белгиледи. Мындан сырткары, Франция тарап Кыргызстанга цемент заводун куруу ниети бар.


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы

Электрондук регион

Календарь