26

Январь

2021

Ош облусунун аймагында спорттук мекемелер толук каттоодон өтүп, уставдары жазылат

Бүгүн Ош облусунун аймагында спорттук мекемелеринин жетекчилери жана акимдердин орун басарлары, спорттук комитетинин өкүлдөрү катышкан жыйында бул тууралуу Өкмөттүн өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырма койду. 

"Спорт- бул достуктун, эмгекчилдиктин, туризмдин символу бөлүгү керек. Антпесе, айрымдардын кесепетинен спортчулар, "каралар", "кимдир бирөөнүн куралы" деген пикир калыптанган. Аны жоебуз.  Ал үчүн эң биринчи мамлекеттикпи же жеке тарапка тиешелүүбу, бардык спорт мекемелери каттоодон өтүп, багытын аныктап, уставын бекитип, ошол багытта гана иш алып баруусун колго алуубуз керек"- , деп билдирди Жарасул Абдураимов. 

Мындан сырткары, аймактарда спорт клубдар, залдар, айрым топтор эмес, ар бир айылдык бара алчудай болуш керектиги айтылды.

Мындан сырткары,  ошол мекемелерден тарбияланган спортчулар эл аралык мелдештерге катышуусуна колдоо көрсөтүү үчүн да мындай мыйзамдаштыруу маанилүү.

Эскерте кетсек, акыркы  облустун аймагында жергиликтүү бюджеттен жана жеке тараптардын колдоосу менен 30 дан ашык  спорттук мекемелер ачылган


Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы