22

Март

2020

Ош облусунун аймагында жалпысынан 31 блок-пост жана 51 санитардык-карантиндик посттор коюлду.

img

Ош облусунун аймагында жалпысынан 31 блок-пост жана 51 санитардык-карантиндик посттор коюлду.

Коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын  аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 2020-жылдын 22-март күнү эрте мененки саат 7:00дөн баштап  Алай райнунда 2, Араван районунуда 3, Кара-Суу районунда 11, Кара-Кулжа районунда 3, Өзгөн районунда 3 блок пост 2 пост, Ноокат районунда 8 блок пост жана28 санитардык-карантиндик пост, Чон-Алай районунда 1 блок- пост коюлду. Жалпысынан Ош облусунун аймагында 31 блок пост жана 51 санитардык-карантиндик посттор өз ишин баштады. 

     Аталган посттордо милиция кызматкерлери менен медицина кызматкерлери жумуш алып барышууда. 

Посттордун негизги тапшырмасы коронавирус менен ооругандарды аныктоо, оорулуулар менен байланышкандарды тактоо жана ооруну башка жакка жугузуп алуу коркунучуна бөгөт коюу.

Бул иш чаралар жарандарыбыздын ден соолугу үчүн кам көрүлгөн иш-чаралар. Бүгүндөн баштап жарандар өздөрү жашаган аймактан сыртка чыгууга чектөө киргизилет. Ошондуктан жарандарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Албетте эркин жүрүүгө чек коюу ар бир жаранга жага бербесин түшүнүп турабыз. Бирок жалпы калкыбыздын  ден соолугу үчүн ушундай кадамдарга барууга туура келүүдө. Азык-түлүк жана даары дармек, ошондой эле жашоого заарыл болгон товарларды ташыган ишкерлердин ишине тоскоолдук жаратылбайт. 


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн

басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь