22

Май

2020

Ошто "Балдарга мээрим" акциясы башталды .

img

Ош облусундагы ар бир айылдагы ата- эне мээримине зар жетим жана кароосуз калган,  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан акимдер, облустук, райондук жетекчилер, айыл өкмөт башчылары,  кабар алышат.

Мындан сырткары, көп балалуу уй бүлөлөрдүн, балдар үйлөрүндогу  жана интернаттардагы  ар бир балага көңүл сыртында калбаш керек. 

Бул тууралуу облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев акимдер менен болгон он-лайн кеңешмеде билдирди.  "Ишкер, бардар адамдар, жылдык, аш бергиси келгендер да жогорудагы балдарга белек, билим алууга зарыл нерселерди алып берсе да болот. Ал үчүн биз коомчулукка багыт берүүбүз зарыл" -, деп белгиледи облус башчысы.    " Балдарды колдоо, коргоо жылынын" алкагында облуста 200 дөн ашык балага карантиндик кырдаалда он-лайн билим алуу үчүн телевизор, 100 гө жакын окуучуга смартфон алынып берилген.  Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык балдарды ар тараптуу колдоо багытында иш - чаралар жыл бою улантылат.  

Эскерте кетсек, өткөн жылы " Балдарга мээрим" жумалыгы Ош облусунда май айынын акыркы он күндүгүндө жүргүзүлүп, жалпысы 20 миңден ашуун бала ар түрдүү жардамдарды, белектерди алышкан.           

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы

Электрондук регион

Календарь