20

Декабрь

2019

Ошто дагы бир заманбап мал союучу ишкана ачылды

Ош облусунда дагы бир заманбап мал соючу ишкана ачылды. Евразиялык экономикалык бирлигинин талаптарына жооп берген «Араван халал эт» мал союучу жай жергиликтүү ишкерлер тарабынан ишке берилди.

Ишкана Араван районунун А.Анаров айыл аймагында жайгашкан жана 20 млн. сом акча каражаты жумшалган. Кубаттуулугу күнүнө 10 тонна эт өндүрүүгө ылайыкташкан. Жеке ишкер буга чейин жай мезгилинде ташты кайра иштетүүчү кичи завод да ачкан. 

Санариптештирүү жылынын алкагында «Достук» өткөрмө пунктундагы Евразия экономикалык бирлигинин талабына ылайык фитосанитардык лаборатория ишке кирсе, өткөн жылда пландалгандай Иран жана Түркия мамлекеттерине эт экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 

Эскерте кетсек, Ош облусунун аймагында 2019-жыл ичинде жеке ишкерлер тарабынан 1944358, 4 млн сом акча каражаты жумшалып, 69 өндүрүш жана кайра иштетүү багытындагы ишканалар курулуп пайдаланууга берилди. Ошондой эле 53 социалдык обьект курулуп, 1461 жумушчу орун түзүлгөн. 

Облус боюнча 9 млрд. 671 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, бүгүнкү күнү 2 млрд. 372 млн. 802 миң сом салык, жыйымдар мамлекеттик бюджетке чегерилди.

                                 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы

Электрондук регион

Календарь