07
Март
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев менен Ош шаарынын 2014-жылкы өнүгүү көрсөткүчтөрүн жана 2015-жылга карата пландарын талкуулады
6-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун башталышында Премьер-министр өлкө жарандары менен баарлашуунун зарылдыгын белгиледи. «Ар-бир жаран өлкөнүн бардык аймактарында аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымдар болуусу керек. “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында биз “Министр байланышта” акциясын өткөрдүк, анда алгач министрлер, андан соң Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Мындай тажрыйба натыйжалуу жыйынтыктарды берди, анткени, аткаруучу органдын негизги милдети катары калктын ишенимин жогорулатуу болуп саналат”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Калктын ишеним билдирүү көрсөткүчтөрүн кайрылып, Өкмөт башчы Ош шаарында 2012-жылга салыштырмалуу аталган көрсөткүчтөрдүн жакшырышы байкалып жаткандыгын белгиледи. «Калк менен үзгүлтүксүз байланышуу принцибин улантуу зарыл», — деди ал.
Ошондой эле Жоомарт Оторбаев министрлик жана ведомство жетекчилеринин, ошондой эле мэрлердин жана Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, аким жана айыл өкмөттөрүнүн жеке Иш-аракет жана милдеттенмелер пландарын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Айтмамат Кадырбаев Жоомарт Оторбаевге Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун экинчи баскычы башталды. Көпүрөнү куруунун жыйынтыкталышы 2015-жылды күз айларына пландаштырылган.
Премьер-министр аталган көпүрөнүн сапаттуу курулушуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ошондой эле Өкмөт башчы курулуш тармагын өнүктүрүүдө инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Жеке инвесторлор Ош шаарындагы обьектилердин курулушуна каражат салууга кызыкдар, анткени кыймылсыз мүлккө карата баалардын өсүүсү байкалууда», — деди ал жана шаардын Башкы планын тыкыр иштеп чыгуунун зарылдыгы тууралуу эскертти.
Жоомарт Оторбаев ошондой эле Ош тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоону чечүү маселесине басым жасады. «Бардык шаардыктарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо зарыл», — деди ал.
Шаар мэри өз учурунда 2016-жылы Оштун 100% тургуну таза суу менен камсыз болооруна ишендирип кетти.
Өкмөт башчы ошондой эле балдарды зомбулуктан сактоо маселесине кайрылды. Анын айтымында, республикада 2014-2018-жылдарга Балдар үчүн юстицияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы иштелип чыккан, ага ылайык, өлкө аймагында зомбулук жана катаал мамиледен запкы тарткан балдарга көмөк көрсөтүүчү 40 борбор жана кабинеттер түзүлмөкчү. «Бул борборлор акысыз түрдө укуктук, психологиялык жана социалдык көмөк сунуштоосу керек. Мэрия аталган борбор үчүн имарат жана анын иштөөсү үчүн бюджет бөлүүсү кажет. Ал эми бейөкмөт уюмдар, тактап айтканда, “Балдар укугун коргоо лигасы” аталган борбордун негизделишин усулдук жактан коштоп кетүүгө даяр», — деди Жоомарт Оторбаев жана катаал мамиледен запкы тарткан балдар үчүн ишеним телефонун орнотуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Жоомарт Оторбаев жана Айтмамат Кадырбаев Ош шаарына газ ташуу маселесин, Ош ЖЭБин отун менен камсыздоо, Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу, жолдорду куруу, мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде видеокөзөмөл орнотуу ошондой эле социалдык объектилерди куруу маселесин талкуулады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү